|
Цена иска
|
|
ДООАРЫЗ НАРКЫ – жарандык процессинде доогердин сотко билдирген мүлктүк талабынын акчалай түрү. Д. н. төмөнкүлөр боюнча аныкталат: талап кылынган суммадан келип чыккан акча каражатын өндүрүп берүү жөнүндөгү доо боюнча; талаш туудурган суммадан келип чыгып, чара көрүү талабы эч талашсыз аткарыла турган аткаруу же дагы башка документ боюнча талаш тууралуу доо арыз боюнча; мүлк наркынан келип чыгып, менчик укугу жөнүндөгү жана мүлк талабы тууралуу доо боюнча. Д. н-на ошондой эле доо арызында көрсөтүлгөн үстөкпул (жазапул, туум) суммасы да кирет. Бирнече өзалдынча талаптардан турган Д. н. алардын жалпы суммасы аркылуу аныкталат.
|